Өлкө аймагындагы мектептердеги коопсуздукту камсыздоо боюнча долбоор Бишкек шаарындагы мектептердин биринде өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда маалымат жыйынында "Коопсуз мектеп" долбоорунун эксперттери билдирди.
Алардын айтымында, өлкө аймагындагы мектептерге байкоо жүргүзүүдө мектеп окуучулар да кошо тартылган.
"Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, билим берүү жаатындагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн. "Коопсуз мектеп" долбоорунун максаты - окуучулардын психологиялык, физикалык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат. Сынактык негизде Бишкек шаарындагы №65-экологиялык-экономикалык мектеп-лицейинде байкоо жүргүзүлдү.
Окуучулар атайын жабдуулардын жардамы менен бөлмөдөгү жарыктын деңгээлин, абанын температурасын жана нымдуулугун аныкташкан. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен окуучулардын саламаттыгына да коопсуз шарттар түзүлөт. Анткени эгер бөлмөдө аба кургак болсо окуучунун дем алуу органдарынын сезгенүүсүнө алып келиши мүмкүн. Бөлмөдөгү жарыктын жетишсиздиги көздүн көрүүсүн начарлатат. Республика боюнча аталган долбоордун негизинде дагы 11 мектепте иш жүргүзүлөт. Мектептердеги коопсуздукту камсыз кылууда көп каражат кетпегени аныкталды", - деп билдирди эксперттер.
Айта кетсек, аталган долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен Европалык биримдиктин өлкөдөгү өкүлчүлүгү менен биргеликте ишке ашырылып жатат.