"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Транспорт башкармалыгы: "Маршруттук каттамдардын убактысы көзөмөлгө алынат"

Маршруттук каттамдардын убактысы көзөмөлгө алынат. Мындай маалыматты бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармалыгынын мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Турдугулов билдирди.

"Транспорт башкармалыгы маршруттук таксилерди иштетип жаткан ишканалар менен биргеликте алардын санын көзөмөлгө алат. Ошондо каттамдардын канча убакытта бир жүрө турганы чыгып калат. Негизинен күнүнө №130 жана №260-маршруттук каттамдарына 27ге жакын машруттук таксилер жумушка чыгат. Алардын жумуш күнү таңкы саат 6:00дө башталып, кечки саат 10-11лерге чейин уланат жана 7-10 мүнөттө бирден каттоосу шарт", - дейт Турдугулов.

Ошондой эле ал "Элдик кабар" рубрикасына келген билдирүү боюнча текшерүү иштери жүрүп, тийиштүү чаралар кабыл алына турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, окурман "биз Арча-Бешик конушунда жашайбыз. Күн сайын эртең менен жумушка баруу үчүн аялдамага чыгып, №130 жана №260-маршруттук каттамды аз дегенде 40 мүнөт же 1 сааттай күтөбүз" деген билдирүүсүн WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
luuntik
2018-02-26 17:45:07
оа ушуларды көзөмөлдөш керек алтынчы, жетинчи күндөрү вообще эле 1 саат күтөсүң
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан