Аалымдар кеңеши Чубак Жалиловдун Нооруз майрамы тууралуу айткан пикири боюнча маселени карай элек

Кыргыз мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Чубак Жалиловдун Нооруз майрамы тууралуу айткан пикири боюнча маселени карай элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев билдирди.

22-февралда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Жалиловдун Нооруз майрамы тууралуу айткандарын карап чыгып баа берилиши керек деген катты Аалымдар кеңешине жолдогону маалымдалган.

"Кеңештин төрагасы Абдышүкүр Нарматов бүгүн эле Түштүк Кореяга болгон иш сапарынан кайтып келди. Эми биз ага маселе тууралуу билдиребиз. Андан кийин төраганын чечими менен маселени кароо муфтияттын тиешелүү бөлүмүнө тапшырылат же Аалымдар кеңешинде каралат. Төраганын жаңы эле келгендигине байланыштуу качан каралары белгисиз болуп жатат", - деди Ибраев.

Эскерте кетсек, Чубак Жалиловдун "Нооруз майрамы кыргызга, дегеле мусулмандарга тиешеси жок майрам" деген пикири коомдо кызуу талкууга алынып, талаштуу пикирлерди жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Matahara1980
2018-02-26 13:55:15
эми нооруз калдыбы асыла элеги бул кишинин
-7
kalpak.kg92
2018-02-26 14:29:17
Matahara1980,мусулман биртууганым аалыма асылбай суйлогун...тууралыгын жандуйнон менен сез
+1
fantomas
2018-02-26 16:00:15
kalpak.kg92, анын туура же туура эместигин жан дуйнон менен эмес, акылын менен туюнасын!!! Ал эми сенин Чубагын апендичесинен жомок суйлосо эмнеге сындай албайбыз же сенин Чубагын пайгамбар беле?!!

Нооруз майрамына келсек, Нооруз майрамы биринчиден диний майрам эмес, исламга каршы келгидей... Экинчиден Нооруз майрамы исламга каршы келгидей эч нерсеси жок...

Так что Чубагын экоон ойлонуп суйлоп жур ооз бар экен дебей... Оозду берген Кудайым башты да бергенин унутпагыла!
+3
Kojo1995
2018-02-26 16:33:37
Чубак чубак дейсиңер. Мен чубакты сыйлайын: билимин. Бирок элдерге ар кандай жооп берип атып ар кандай ар нерсени айтып атып, кээ бир сөзү күлкүнү келтирип атып аныңар куудул эле болуп калбадыбы. Тынардын жанында эле жүрүп алсын эми
+2
toktor89
2018-02-26 23:42:13
Matahara1980,
Баарына жазганынар учун ушкурунуп калбагыла.
0
ruslanz
2018-02-26 14:21:09
Бир тируу депутаттын жаназасына турбагыла деп айтканда эле тунулуп калгам.Окунучтуусу муну колдогон адамдардын коптугу.
+7
Dalil
2018-02-26 14:49:26
ruslanz, исламга каршы чыккан кишиге жаназа окулбайт. Кимди ким колдойт ал ар кимдин өзүнүн иши сен ага өкүнбөй эле кой. Туура айтсаң тууганыңа жакпайсын дейт кыргыз элимде. Чубак ажы баарын бетке айткан киши. Чубак ажыны кыргыз элиндеги күчтүү дин аалымы катары сыйлайм. Нооруз боюнча айтканы болсо туура эле айтты. Мен да көп жылдан бери ноорузду майрамдабайм.
-7
fantomas
2018-02-26 16:02:23
Dalil, Чубакты исламга теней баштадынарбы диний фанаттар?!! Озунор исламдын туз жолунан адашып журосунор Чубакты бир туруп пайгамбарга тенеп, бир туруп ислам динине тенеп, анан исламдын атынан суйлойсунор уялбай!!!
+1
suban78
2018-02-26 15:11:34
ruslanz,Чынында мен да тан калгам. Ээ айтайын десен дагы туура эмес кабыл алышат.
0
nargiz94
2018-02-26 14:51:05
Майрамдагысы келгендер майрамдай бербейби, аны тим эле териштирип чон маселе кылып которуп чыкпай. Болгону ажыкебиз озунун милдетинен кутулду айтып. Майрамдайбы, майрамдабайбы эми Чубак ажыга оор-женили жок да, болгону эскертти.
0
fantomas
2018-02-26 16:06:21
nargiz94, Чубагын бироого эскерткиче озун эптеп алсынчы!!! Бул молдон шайлоого аралаша баштады, саясатка мурдун тыгып баштады, эми болсо расмий майрамдарды сындап баштады, аны майрамдаба муну майрамдаба деп... Эртен олкону республикадан халифатка айландырабыз, катындар баары тегиз милдеттуу турдо кара чумбот (хиджап) кийсин деп чыкса кантесинер?!! Кыргызстандын Иран же Афганистан болушун каалайсынарбы?!!
+7
aydinnur
2018-02-26 15:47:47
Эми чындап жаза бербесе, анда мамлекеттин дүйнөбий мамлекет катары өлгөнү ошол..((Халифатка даярдана берели (((
-1
Asyl10
2018-02-26 15:56:44
Жаман айныды го бул ажыке.Токол алып, аял бала-чакасын "олтуром" деп коркутканы аз келгенсип,эми Ноорузду майрамдабагыла деп чакырык кылып, Ноорузду Кыргызстан эле эмес дуйнодогу бардык мусулман олколору белгилейт.Чубак айтты деп Кыргызстан белгилебей калса кана. Бир нерсени коргону калды бул "аалымыбыз". Биринчи аялын нааразы кылып , бала-чакасын аттап токол алды, ошол токолу тугуно жетет. "Катын ундуу эркектен,эркек ундуу катындан тунул" делет. ХХХХ
+5
Asyl10
2018-02-26 15:58:43
Чубактын чуудасындай деп бекер айтылбаган экен илгертен, чудасы кобойуп кетти.
+2
fantomas
2018-02-26 16:09:14
Эмнеге бул ишти аалымдар кенеши карашы керек?!! Прокуратура кайда журот?!! Акуйдун тосмосунан секирди деп кылмыш ишин ачканды билген прокуратура, шайлоодо угут иштерине аралашып саясатка мурдун тыгып катарынан бир нече мыйзамдарды бузган, бугун болсо расмий майрамды жокко чыгарууга чакырык таштаган Чубак Жалиловго эмнеге кылмыш ишин ачпай отурат оозуна талкан салып?!!
+3
nargiz94
2018-02-27 00:57:44
fantomas, Чубагын эле Чубагын деп ар кимге асылбай, бир аз сабыр кылыныз. 1-душманыныздай эле калчылдап алыпсыз го. Еще как майраиданыз ноорузду, Чубак ажы бут тоспойт эч кимге. Мен ажыннын фанаты болгон учун болушуп же ага тарткан жокмун. Калыстыгымды айттым и ВСЕ!!!
+1
guli-1980
2018-02-26 18:00:01
Ноорузду эмес жаны жылды айтса бир жон
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан