Депутат Байпакбаев: “Өлкөдө эт, сүт таза болсо башка мамлекеттерде атаандаштык жарата алабыз”

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев өлкөдө эт, сүт таза болсо башка мамлекеттерде атаандаштык жаратуу оңой боло турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеште журналисттер менен жолугушканда билдирди.

Анын айтымында, айылдарда 6 айда соё турган малды укол сайып 3 айда бат эле семиртип алышат. “Бул ден соолукка зыян алып келет. Катуу чара көрүү зарыл. Жогорку Кеңеш жашыл экономика боюнча токтомду колдоп берди. Эми биз концепцияны даярдап жатабыз. Өкмөткө дагы тапшырма беребиз. Ал жакта атмосфера, унаалар, суу боюнча долбоорлор даярдалат. Эгерде өлкөдө экологиялык жактан таза азык-түлүк чыгарсак, эл кезекке өздөрү турат. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү баштык, бөтөлкөлөрдү жок кылуу керек. Буларга тыюу салуу абзел. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү канализация системин оңдоо зарыл. Көлүбүз таза болсо туристтер чакыртпай эле өздөрү келет”, - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ruslanz
2018-02-26 14:15:30
Оздук наркын ылдыйлатмайынча атаандаштык кыла албайбыз.Ал учун чон чарбалар болушу керек.Бизде элдер чон чыгым жумшап багып жатышат, ылдыйкы баада сатса актабай калат.
+1
ruslanz
2018-02-26 14:24:05
Эмне азыр таза эмеспи? Мал толтура болгон Нырын обл-да таза эле.
+1
Nanei
2018-02-26 14:37:09
Ушундай да депутатыбыз бар беле???
+2
Eli.91
2018-02-26 14:56:10
Сутту арзан алышат,кичине жогорулатканда суттун наркын?15 сомдон алат суттун литирин,ал акчага саткандан коро озубуз ичип алганыбыз жакшы деп,кобу эле сут тапшырышбайт,бизде 15 сомдон алат суттун литирин,ал Эми мал жонундо туура эле айтыптыр,озубуздун эле ден-соолугубузду начарлатып атабыз,баарыбыз эле базардан эт сатып жейбиз,болушу болду биржолу алалдап союшат бекен аны да текшерип коюшса жакшы болмок?Кара-Балтанын мал сойгон жерин жакшылап текшеришсе жакшы болмок?
+1
fantomas
2018-02-26 15:57:16
Депутаттар да дооруй берет да... Эгер салыштыра келсек Кыргызстандын азык-тулугу натуралдуу, таза...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан