Өлкөдө таза суу маселеси боюнча эң орчундуу аймак - Жалал-Абад облусу. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин төрагасы Аскарбек Токтошев билдирди.
“Өлкөдөгү 386 айыл аймагында таза суу маселеси оор. Анын ичинен 179 айыл Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Бул боюнча эң орчундуу аймактар Базар-Коргон жана Ала-Бука райондорун түзөт. Мындан тышкары таза суу маселесинде орчундуу аймактардын катарына Баткен облусундагы Кадамжай, Лейлек райондору кирет”, - деди Токтошев.
Ал таза суу менен камсыз кылууга жумшалган каражаттардын суммасына токтолду.
“Таза сууга эгемендүүлүктөн кийин грант, насыя иретинде 69 миллион 500 миң доллар 2009-жылга чейин келген. Кийинки келген 69 миллион 500 миң доллар натыйжасыз пайдаланылган”, - деди Токтошев.