Бишкек шаарынын Москва-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ит базарда иштеген адамдар күчүктөрдү сатып беребиз деп ээлеринен алып, өлтүрүп ыргытып салышат. Бул тууралуу борбор калаанын тургуну, жаныбарларды ыктыярдуу коргоочу Анна Гришанина билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 13-январында шаардын тургуну ит базарга жакын жерде жайгашкан таштанды таштоочу жайдагы кутунун ичинде жаткан 27 күчүктү таап алган.
"13-январь күнү Бишкек шаарынын тургуну социалдык тармакка 27 күчүктү таап алганын жарыялаган. Биз ал күчүктөрдү алган учурда алар үшүп, ачкадан кыйналып калган экен. Ветеринардык ооруканаларда дарылап, айыктырганбыз. Андан кийин күчүктөрдү тааныштарга жана каалоочуларга таратып бергенбиз. Учурда табылган күчүктөрдүн баары адамдардын колунда багылып жатат", - деди Анна Гришанина.
Анын айтымында, кутудагы күчүктөрдү таштанды таштоочу урнага ит базарда иштегендер ыргытышат.
"Шаардын тургундары иттери тууганда күчүктөрдү кайсы жакка жайгаштырууну билбей ит базарга алып келишет. Ал жакта иштегендер күчүктөрдү "сатып беребиз" деп кожоюнунан 100 сомдон алышат. Сатуучулар апта бою күчүктөрдү контейнерде сактап, дем алыш күндөрү сатыкка коюшат. Анан сатылбай калган күчүктөрдү кутуларга жана каптарга салып ыргытып салышат, айрым соодагерлер күчүктөрдү мыкаачылык менен өлтүрүп ыргытышат. Биз бул боюнча Бишкек шаарынын мэриясына кайрылганбыз, бирок эч кандай чечим чыгарылган жок", - деп кошумчалады ыктыярчы.