Сексуалдык зомбулукка кабылган балдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
Анын айтымында, былтыр 151 бала сексуалдык зомбулукка кабылган. “Былтыр 2016-жылга салыштырмалуу балдарга карата зомбулук көп болгон. 2016-жылы 110 окуя катталган”, - деди министрдин орун басары.
КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева мындай окуялардын алдын алуу иштерин жүргүзсө болобу деген суроо берди.
Курсан Асановдун айтымында, бул боюнча жарандар ишеним телефонго окуя болгондон кийин чалышат.
Учурда жыйында балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.