Атамбаев менен Жээнбековдун мамилесинде жарака пайда болду деген маалымат тарады

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун мамилесинде жарака кеткени тууралуу маалымат Телеграф, Knews, Гезиттер.орг булактарына тарады.

Анда, Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раим Матраимовдун кызматтан алынышы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин чечими менен ишке ашкандыгы, бул чечим Жээнбековго жана анын чөйрөсүнө жакпагандыгы айтылат. Сооронбай Жээнбековдун 8-февралда Коопсуздук кеңешиндеги “сот, укук коргоо, көзөмөл органдары өздөрү коррупцияга батып калды” деген кескин сыны Матраимовдун кызматтан алынышынан улам келип чыкты. Жээнбековдун мындай сөздөрүнүн төркүнү тереңде, ал Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен кызматка дайындалган УКМК, прокуратура өңдүү мекемелердин жетекчилигине өзүнө ишенимдүү адамдарды алып келип, "атамбаевчилерден" арылып, "өз" өкмөтүн койгусу келет делинет.

Сөз болуп жаткан маалыматта учурдагы президент мына ушундай кадамдары аркылуу Бакиевдин тушунда өкүм сүргөн үй-бүлөлүк-кландык башкаруудай түзүлүштү кайра жаратууну каалап жатат деген пикир кеңири айтылат.

Бир нече маалымат булагына тараганына карабай президенттин пресс кызматы жогорудагы маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, “Телеграф өңдүү сайттарга чыккан ушактарга комментарий бербейбиз” дешти.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков жана анын бир туугандарына байланыштуу ушул өңдүү эч бир факт, далили жок макала 24.kg маалымат булагына жарыяланганда Жээнбеков сотко кайрылып, агенттикти, ал макаланы жазган автор Кабай Карабековду да ар бирин 5 миллион сомдон доого жыккан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан