Акыйкатчы Кубат Оторбаев суицидге мигранттардын балдары көп бара турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.
Кубат Оторбаев ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
"Мектеп-интернаттарында ата-энеси жок балдар эмес, мигранттардын балдары көп окуйт экен. Мигранттар балдарын жатак мектебине таштап, эч кандай кабары жок бир канча убакыттан кийин келишет. Балдарын тааныбай калган учурлар да бар. Мектеп-интернатын жаап салууну сунуштабайм. Себеби туугандарынын үйүнө таштап кетсе зордук-зомбулукка кабылат. Ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл", - деди акыйкатчы.
Учурда жыйында балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.