Бүгүн, 26-февралда Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда ошол учурдагы өкмөттүн жогорку кызматында иштеген жетекчилер суралып жатат.
Комиссияны жетектеп жаткан Улан Примов жыйынга чакырылган ошол кездеги жетекчилердин айрымдары комиссиянын жыйынына келүүдөн баш тартканын айтты. 2012-жылга чейин Каржы министрлигин жетектеген Акылбек Жапаров “Датка-Кемин” подстанциясын курууда да кытай тарап менен макулдашуу шашылыш, көп кемчиликтер менен болгонун айтты.
“Аскарбек Шадиев менен биз бир учурда кызматка келгенбиз. 2010-жылы келип, 2012-жылдын 6-сентябрында кызматтан кеткенбиз. “Датка-Кемин” станциялары курулуп жатканда ошол келишимди бекиткенбиз. Бул келишим шашылыш кабыл алынышы керек деп Жогорку Кеңеште 2 саат чуу болуп жатып бекитилген. Мен башында эле Кытайдан каржыны түз алганга каршы болгом. Анткени 20 жыл аябай аз убакыт менен үстөк пайызы жогору берилген. Мен каржы министри катары буга каршы тургам. Мындан тышкары келишимде кийин териштирүүчү маселе жаралып калса, Кытай мыйзамдары аркылуу Кытайда териштирүүлөр болот деген бөлүккө каршы болгом”, - деди Жапаров.