Жол кырсыгынан улам бир буту кесилген 1 жаш 8 айлык наристеге өкмөт башчы Сапар Исаков 100 миң сом которуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жазылды.
Маалыматка ылайык, каражат премьер-министрдин резервдик фондунан бөлүнүп, наристенин атасы Жыргалбек Чотоновго берилет.
Айта кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткен. Ал өзү алган жаракатынан улам ооруканада каза болсо, кызынын жамбаш сөөгү жанчылып калгандыктан дарыгерлер анын бутун кесип салууга мажбур болушкан.