Кубат Оторбаев: "Былтыр акыйкатчынын ишеним телефонуна 7 миң 200 жаран кайрылган"

Былтыр акыйкатчынын ишеним телефонуна 7 миң 200 жаран кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, 4 миң жаран юридикалык кеңеш алган. “2017-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу балдардын жана өспүрүрүмдөрдүн кайрылуусу көп болгон. 2015-жылы 220 бала, 2016-жылы 750 бала, 2017-жылы 2 миң 200 бала кайрылды. Алар ар кандай көйгөйлөрдүн негизинде телефон чалышкан. Акыйкатчынын ишеним телефону 2015-жылдын 1-июнунан тарта иштеп келет”, - деди Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан