КСДП фракциясынан депутат Евгения Строкова депутаттыктан кеткенден кийин фостердик үй-бүлө уюштурганга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекети балдар үйүнөн жана мектеп-интернаттарынан баш тарта албайт. “Балдар үйүнөн баш тартканга даяр эмеспиз. Себеби ата-энелер өздөрүнүн балдарынан баш тартып жатышат. Бардык балдар үй-бүлөдө чоңойсо жакшы болмок. Бирок бардыгы үй-бүлөдө чоңоёт дегенге кепилдик жок. Фостердик үй-бүлө институту балдардын турак жай маселесин чечпейт. Үлгү катары депутаттыктан кеткенден кийин фостердик үй-бүлө уюштурганга даярмын. Биринчи аялдардын энелик сезимин ойготолу. Андан кийин атасынын сезимин ойготконго аракет кылалы”, - дейт ал.