Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган 1954-жылы 26-февралда Стамбулда туулган. 1965-жылы Касымпаша Пиале башталгыч мектебин, 1973-жылы Стамбул Имам Хатип Лицейин бүтүргөн. Мармара университетинин Экономика жана соода илимдер факультетинде окуп, бул окуу жайын 1982-жылы аяктаган.
1969-1982-жылдары профессионал эмес футболчу болуп ойногон.
Ошол эле мезгилде жаш идеалист катары мамлекеттин ишине жана коомдук маселелерине кызыгып саясат менен алектене баштаган. Лицей жана университетте окуган мезгилинде Улуттук Түркия окуучуларынын биримдигинин студенттер бөлүмдөрүндө иштиктүү түрдө милдет аткарган Режеп Тайип Эрдоган 1976-жылы "Улуттук Саламат" партиясынын Бейоглу жаштар бөлүмүнүн төрагалыгына жана ошол эле жылы "Улуттук Саламат" партиясынын Стамбул жаштар бөлүмдөрүнүн төрагалыгына шайланган.
1983-жылы түзүлгөн "Берекет" партиясы менен чоң саясатка келген Режеп Тайип Эрдоган 1984-жылы "Берекет" партиясынын Бейоглу райондук жетекчиси, 1985-жылы анын Стамбул облусундагы жетекчиси жана Чечим кабыл алуу жана башкаруу борбордук уюмунун мүчөсү болуп эмгектенген.
Бул кызматты аркалап турган учурунда ички саясатты мыкты түшүнүп, өздөштүргөндүгү менен калың элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуу, кадырга жетүү жолунда маанилүү кадамдарды жасаган. 1994-жылы 27-марттагы жергиликтүү шайлоодо Стамбул шаардык бийлигинин төрагасы болуп шайланып, өзүнүн саясий жогорку дареметин көргөзгөн. Анда ал командалык ишке, адам ресурстары жана каржы тармагын ийгиликтүү башкарууга маани берген. Бардык маселенин чечүү жолдорун тапкан. Суу маселеси чыкса жүздөгөн чакырым жаңы түтүктөрдү төшөп, таштанды маселеси болсо заманбап иштеп чыгаруучу ишкананы куруу менен чечкен. Паракорчулуктун алдын алууга багытталган чукул чара көргөн Эрдоган 2 миллиард доллар карызга малынган Стамбул муниципалитетинин карыздарын төлөгөн жана 4 миллиард доллар инвестицияны ишке жумшаган.
Режеп Тайип Эрдоган 1997-жылы 12-декабрда Сииртте элге кайрылуу учурунда китептеги ырды окугандыгы үчүн түрмө жазасына тартылган жана Стамбул шаардык бийлигинин төрага кызматынан алынган. Эрдоган түрмөдөн чыкканда коомдук пикирдин талабы менен жана өнүккөн демократиялык процессинин бир жыйынтыгы катары 2001-жылы 14-августта жолдоштору менен "Адилет" жана "Өнүгүү" партиясын (АК Парттиясын) түзгөн жана уюштуруучу кеңеши тарабынан "АК" партиясынын төрагасы болуп шайланган. "АК" партиясын түзүлгөн жылынан баштап эле Түркия элинин колдоосуна ээ болгон саясий кыймылга айланта алган.
2001-жылы жалпы шайлоолордо парламенттин үчтөн эки бөлүгүн түзгөн көпчүлүк менен бийликке жеткирген. 2002-жылы 3-ноябрдагы депутаттык шайлоого соттун тийиштүү чечими болгондуктан талапкер боло алган эмес. Качан гана мыйзамга түзөтүү киргизилип, депутаттыкка талапкер болууга мыйзамдык тоскоол жоюлушу менен, 2003-жылы 9-мартта Сиирт аймагынан шайлоого катышкан. Бул шайлоодо шайлоочулардын 85 пайызынын добушун алган Эрдоган 22-чакырылыштагы Сиирттин депутаты болуп парламентке кирген.
2003-жылы 15-мартта премьер-министр ишине киришкен Режеп Тайип Эрдоган бир канча реформаларды кыска мөөнөттө ишке ашырган.
2014-жылдын 10-августунда Түркияда президенттик шайлоо өтүп, Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жетишкен. 2014-жылдын 28-августунда премьер-министрлик орунду бошотуп, ошол эле күнү өлкөнүн президенти катары расмий ишин баштаган.
26-февралдын жылнаамасы.