Баткен облусунун Кадамжай шаарында жаңы мал союучу жай курулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кадамжай районунун акиминин орун басары Абдыманап Жакбаров билдирди.
"Жаңы мал союучу жай салуу үчүн жер бөлүгү бөлүнүп берилди, жыл аягына чейин бүтүрүү иштери пландалууда. Жаңы салынган жай бардык талаптарга жооп бере турган жай болот. Жанагы окурман айткан жай Советтер Союзу учуруна таандык комбинат болгон, илгери анын айланасында калк жок болчу, эми көчүп бара башташты. Эски комбинат иштебейт, иштесе тийиштүү кызматтар тарабынан чара көрүлөт", - дейт акимдин орун басары.
Эске салсак, окурман Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын Мясокомбинат көчөсүндө жайгашкан шаардык мал союучу жайда эч бир эреже сакталган эмес, дем алууга мүмкүн эмес экендигин айтып, WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.