Бишкекте Кыргыз-Түрк биргелешкен ооруканасы ачылат. Кечээ, 26-февралда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Бишкекке Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын ачылышы тууралуу келишимди жактырды. Ага ылайык, оорукананын бирдиктүү иштелиши жана келечекте Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилиши менен, Кыргыз жарандарынын Түркияда медициналык жана медицина тармагындагы адистиктер боюнча билим алуусуна жол ачылат.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев оорукана 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ Кыргыз тарапка өткөрүлүп бериле турганын айтты.
"Үч жылдан кийин түрк тарап оорукананын ишине байкоо жүргүзүү жана тескөө иштерин уланта бермекчи. Андан тышкары, 3 жыл аралыгында башкы дарыгер түрк тараптан, ал эми анын орун басары кыргыз тараптан дайындалат", - деди Батыралиев.
Андан сырткары, түрк тарап дарыгерлерге эмгек акы төлөө үчүн 19 миллион доллар каражат бөлө турганы белгилүү болду. Ал эми ашып калган каражат оорукананын эсебинде кала берет. Ошондой эле жылына 20 дарыгер жана 5 мектептин бүтүрүүчүсү Түркияда бекер окутулат. Алар окуп келгенден кийин 3 жыл аталган ооруканада иштөөгө тийиш.