Кыргыз өлкөсүнүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти базарлардагы кийим-кече, кездемелерди текшере баштады. Буга Казакстандын Караганды шаарында Кыргыз өлкөсүнөн тигилип жеткирилген жаш балдардын кийиминен формальдегид заты табылды деген маалыматтар себеп болду. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлөн Исаков билдирди.
"Карагандыдан тараган маалыматтан улам учурда өлкөдөгү чоң базарлардагы кийим-кече, кездемелерди текшерүү башталды. Кездемелерден кичине кесип алсак, кийимдин ар түрүнөн бирден үлгүнү сатып алып жатабыз.
Бизде тигилген кийимдер Казакстанга эле эмес башка өлкөлөргө да кетет. Буга чейин кийим-кече, кездемелерди биз дагы Казакстан да текшерип келген.
Формальдегид заты кийимдерге формасын жоготпоо үчүн кошулат. Буга чейин биз жүргүзгөн текшерүүдө аталган зат өлчөмүнөн ашык болгон учур катталган эмес. Кыргыз мамлекетинде текстиль жана кийим-кечелердин сапатын текшерүүчү үч ири лаборатория бар.
Карагандыдагы кийимдер биздики деле болбой калышы мүмкүн. Башка жактан алып келип биздин өлкөнүн этикеткасы тигилген да болушу ыктымал", - дейт жетекчи.