Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Бүргөндү айылынын 33 жаштагы Замир Каратаев аттуу тургуну бир жарым жыл мурун боор циррозуна чалдыккан. Күндөн күнгө абалы оорлошкон бейтап дарылануу үчүн жардамга муктаж болууда. Келинчеги Анара Сапанова SUPER.KG'ге кабарлагандай, учурда ал Өзбекстанда дарыланууда.
Сапанова жолдошунун бооруна операция жасатуу үчүн өткөн жылы да элден жардам чогултулганын, бирок ал акчаны өзүн Орусияда дарыгермин деп тааныштырган Д.Т. аттуу адамга берип коюп, кайра ала албай жатышканын айтууда.
"Өткөн жылы эле Индиядан операция жасатабыз деп элден акча чогултуп баштаган элек. Бирок интернетке чыккан сүрөтүнүн алдына Орусияда жүргөн Д.Т. аттуу Кыргыз жараны "Индияда 34 миң долларга операция жасатып кыйналып каласыңар, мен Новосибирск шаарындагы ооруканалардын биринде хирург болуп иштейм. Келсеңер жардам берем" деп жазуу калтырган.
Биз аны менен байланышсак "жалпы 1 миллион 500 миң сом керек болот. Силер 750 миң сом бергиле, калганын өкмөттөн алабыз" деген. Ал эми донор үчүн үч ай аралыгында 300 миң рубль дайындап коюу керектигин айткан. Бирок 10 күндөн кийин эле байланышка чыгып, "300 миң рублду дароо жибергиле, донор табылды" деди. Биз ага акчаны салып жиберип, 10 күндөн кийин учуп бардык. Барсак "дагы эки донор керек болуп жатат, бирин бул жактагы өлүк сактоочу жайдан алабыз, экинчисин өзүңөр тапкыла" дегенинен Жалал-Абаддан кайнагамды чакырттык.
Ошентип отуруп жалпы 480 миң рубль акчабызды алды. Баары бүткөнү менен, шаардык оорукананын дарыгерлери операция күнүн уламдан-улам жылдырып туруп алышты. Кийин дарыгерлер келип "силер акчаңарды төлөбөйсүңөрбү, биз операция жасашыбыз керек" дешти. Көрсө Д.Т. ооруканага эч кандай акча бербептир жана алгач жиберген 300 миң рублга эч кандай донор албаптыр. Андан сырткары ал өзү ооруканада таптакыр иштебеген эле киши экен", - деди Сапанова.
Ал белгилегендей, ошентип бейтапка операция жасалбай калган. Тескерисинче, ооруканага жаткан күндөрү үчүн 117 миң рубль карыз болуп калышкан. Дарыгерлер алардын алданып калганын түшүнүп эч кандай акча албай кайра чыгарып жиберишкен. Декабрда кайрадан Кыргыз жерине кайтып келишкен.
"Ал эми бизди алдаган адам Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылында 1985-жылы туулган Д.Т. аттуу жаран экен. Ата-энесине айыл аксакалдары менен бирге барып акчаны төлөп берүүнү талап кылдык. 10 күндүн аралыгында баласын Орусиядан чакыртып төлөп берүүнү убадалашкан. Бирок жолдошума операция жасатуу үчүн андагы 480 миң рубль жетпейт экен. Ошондуктан кайрадан элден жардам сурап жатабыз", - деди бейтаптын келинчеги Сапанова.