Казакстанда жол кырсыгына кабылып, "Тез жардам" унаасы менен Бишкекке жеткирилген 2 Кыргыз жаранынын абалы туруктуу

Казакстандын Алматы облусунда жол кырсыгына кабылып, "Тез жардам" унаасы менен Бишкекке жеткирилген 2 Кыргыз жаранынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

"Бизге аталган жол кырсыгынан жабыркап, 34 жана 50 жаштагы 2 жаран түшкөн. Учурда алардын абалы оор, бирок туруктуу десек болот. Алар азыр Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатышат. 34 жаштагы А.С. аттуу жаран травматология бөлүмүнө, ал эми 60 жаштагы А.Ш. аттуу адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - дейт басма сөз катчы.

Айта кетсек, буга чейин Тышкы иштер министрлигинен Алматы-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан Кыргыз жараны каза болгонун билдиришкен. Кийин ал жол кырсыгынан оор жаракат алып Казакстанда ооруканада жаткырылган 38 жаштагы Кыргыз жараны каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
wwwbaxa
2018-02-27 15:40:07
50жаштабы жэ 60жашпы кимдин катасы.. ?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан