Турсунбек Акун: "Учкун-2 жаңы конушундагы 85 үйдүн камакка алынышынын артында бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар"

Бүгүн, 27-февралда Сокулук райондук прокуратурасы Учкун-2 жаңы конушундагы 85 тургундун үйүн мыйзамсыз деп таап, камакка койгону боюнча маалымат жыйыны болуп өттү.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы Новопавловка айыл өкмөтү Учкун-2 жаңы конушунан 700 адамга жер участогу берилип, аны сатып алгандар мамлекеттик каттоо кызматынан кызыл китеп да алышкан. 2015-жылы Сокулук райондук прокуратурасы аталган конуштан 85 үйдү мыйзамсыз салынган деп үйлөрүн камакка койгон. Эмне себептен деген суроого "силердин үйүңөргө чыгарылган чечимдин түп нускасы жок, колуңардагы болгону көчүрмө" экен деп жооп беришкен.

Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бул маселеде жогору жактагылардын кызыкчылыктары бар экенин айтты.

"Учкун-2 жаңы конушунун тургундары үчүн оор болуп турат. Себеби жерди сатып алып, ага жакшынакай үй салып, анан да колдорунда кызыл китеби турса эле кимдир бирөөлөр келип үйүңөр мыйзамсыз дегени туурабы? Бул жерде бийлик өкүлдөрүнүн кызыкчылыктары бар. Биз кимдердин катыштыгы менен бул иштер болуп жатканын жакынкы күндөрү айтабыз. Мен президент Сооронбай Жээнбековго жана башкы прокурор Индира Жолдубаевага бул тууралуу кайрылуу кат жаздым. Эгер тийиштүү чара колдонбосо Учкун-2 жаңы конушунун эли баарына даяр", - дейт Турсунбек Акун.

Ал эми Учкун-2 жаңы конушунун тургуну Кызыгүл Алымкулова 3 жылдан бери үйүн сактап калуу боюнча соттошуп жүргөнүн, бирок майнап чыкпай жатканын билдирди.

"2015-жылы бизди прокуратурага чакырып, үйлөрүбүз мыйзамсыз салынганын айтып, биздин кызыл китепти жараксыз деп үйдү арестке коюп койду. Аталган конушта 700 түтүн үй бар болсо, 85 жашоочунун гана үйү мыйзамсыз болууда. Эмнеге экенин да тийиштүү органдар түшүндүрүп бере алышкан жок. Эгер биздин маселебиз чечилбесе, "Манас" аэропортунун жолун тосууга аргасыз болобуз. Себеби андан башка биздин айлабыз калган жок", - дейт Алымкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан