Кыргыз өлкөсүндө "Бабатрон II" үлгүсүндөгү нур терапиясынын жаңы жабдыгы ишке кирди. Аталган аппарат Индия өлкөсүнөн гранттык негизде берилип, Улуттук онкология борборуна орнотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Бишкектеги онкология жана гематология борборуна рак ооруларын нур менен дарылоочу "Бабатрон II" жабдыгы алынып келген.
Жабдыктын ачылышы кечээ, 26-февралда премьер-министр Сапар Исаковдун, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин катышуусунда болду. Дарыгерлер бүгүндөн тарта бейтаптарды кабыл ала башташты. Аппараттын жардамы менен күнүнө 120-130 бейтап нур терапиясын алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Буга чейин аталган жабдыктар бар болчу, бирок эскилиги жеткен" дейт басма сөз кызматы.