Экономика министринин орун басары: "ЕАЭБде Кыргыз өлкөсү санариптик экономиканын айрым багыттары боюнча кыйла алдыда"

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз өлкөсү жарандардын идентификациялык номуру менен шайлоо өткөрүү боюнча алдыда. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда "Таза коом" долбооруна арналган тегерек столдун жүрүшүндө экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.

"Санариптик экономика боюнча биздин өлкө өтө артта калды десек жаңылышабыз. Анткени ар тараптуу багытта каралгандыктан биздин өлкө кошуна мамлекеттерден айрым багыттар боюнча кыйла алдыда, ошол эле учурда кээ бир багыттар боюнча артта калганыбыз да бар.

Мисалы, Армения товарларга өздөрү маркировка баса алышат, бизде болсо бул ыкма эми ишке ашырылып жатат. Орусия, Казакстан өлкөлөрүндө болсо документтер электрондук түрдө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасы шайлоону жарандардын идентификациялык номуру менен өткөрүү боюнча алдыда", - дейт Сазбаков.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда расмий түрдө мүчө болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан