Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ордуна депутат болуп келчү Насыр Мусаев ооруп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
“Бул маселе каралып жатат. Насыр Мусаевге мандат бербөө үчүн эч кандай негиздер жок. Ал “Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер. Тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөткөн суроо-талаптарыбыздын айрым жооптору келди. Жакын арада чечим чыгарылат. Мыйзамда мандат берүүнүн мөөнөттөрү жазылган эмес”, - деди Шайлдабекова.
Буга чейин "Кыргызстан" фракциясынын катчылыгы Насыр Мусаев ооруп, чет мамлекетте жүргөнү боюнча кабарлаган. Ал эми комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов тиешелүү мамлекеттик органдар БШКнын суроо-талабына жооп бере электигин айткан.
19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген.