Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодекстин долбоору талкууланды

Бүгүн, 27-февраль күнү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексти колдонууга киргизүү тууралуу өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоору талкууланды.

Жыйында айтылгандай, бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 2016-жылы 26 миллиард 8 миллион сом түшсө, 2017-жылы 30 миллиард 2 миллион сом түшкөн.

Долбоор жөнүндө баяндама жасаган каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, салыктык эмес кирешелер, өлчөмдөр жана төлөмдөр ар кайсы мыйзамдардын, токтомдордун негизинде жөнгө салынгандыктан, анын баарын бир кодекске киргизүү зарыл.

1994-жылы ишке киргизилген салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамдын көпчүлүк жоболору азыркы учурдун талабына жооп бербейт. Анткени салыктык эмес төлөмдөрдү чогултуунун бирдиктүү тартиби, кызмат адамдарынын иш-аракеттерине карата даттанууларды кароо эрежеси сыяктуу бир канча жоболор жок”, – деди Касымалиев.

Ал эми эл өкүлдөрү салык тармагына тиешелүү кодекстерди көбөйтүү менен ишкерлердин ишмердүүлүгүнө кошумча ыңгайсыздыктар жарала турганын белгилешти. Депутат Акылбек Жапаров салыктык эмес кирешелери жөнүндөгү жобону салык кодексине эле киргизүүгө болорун билдирди. Мындан сырткары, депутат салыктык эмес төлөмдөрүн кайда түшөрүн так көрсөтүү керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан