Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиевдин сөөгү жерге берилди

Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 27-февралда Кыргыз улуттук драма театрынын алдында өтүп, ага өкмөт башчы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана маркумдун жакын санаалаштары катышты.

Сапар Исаков коштошуу зыйнатында Эсенгул Өмүралиев бүткүл өмүр жолун ата мекенге кызмат кылууга арнагандыгын баса белгиледи. Ошондой эле анын жашап өткөн өмүрү өсүп келе жаткан муун үчүн өрнөк болуп каларын айтты.

Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, андан кийин коомдук-ишмердин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлуп, куран окулду.

Эсенгул Өмүралиев 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тоң айылында төрөлгөн.

Ал 1973-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. Ошол жылы эле Электро-механика илимий изилдөө институтунан эмгек жолун баштаган.

1991-1992-жылдары өнөр жай министри, андан кийин 1998-1999-жылдары тышкы соода жана өнөр жай министри болуп иштесе, 1992-1994-жылдары жана 1999-2000-жылдары вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

Андан сырткары, 2001-2005-жылдары Кыргыз мамлекетинин Украинадагы, 2012-2016-жылдары Казакстандагы элчиси болгон. 2005-2006-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан