Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши тууралуу адам укугун коргоочу эл аралык уюм карайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, "Борбор Азиядагы адам укуктары" уюмуна Текебаевдин соттук ишиндеги мыйзам бузууларды камтыган документтер өткөрүлүп берилген. Алар Текебаевге карата кандай мыйзам бузуулар болуп жатканын, юридикалык баа берилдиби же саясий куугунтук болуп жатабы ушул маселелерди аныктап, тастыктайт.
"Биз тийиштүү документтерди даярдап, аталган уюмга өткөрүп бергенбиз. Текебаевге карата саясий куугунтук болуп жаткандыгы жана биздин өлкөдө соттордун чыгарган чечими туура эмес экендиги эл аралык уюмдар тарабынан тастыкталып, аныкталып көрсөтүлөт. Мен бардык маалыматты азырынча айта албайм, жыйынтыктар чыга баштаганда өзүңүздөр күбө болосуздар. Бул маселенин жүрүшү татаал болгону менен, аябай көп убакытка созулат деп айтуудан алысмын, алгачкы жыйынтыктар жакында чыга баштайт", - деп билдирди Токтакунова.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.