Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев парламентте ушундай билдирүүлөр болуп турушу керектигин айтты.
"Бүгүнкү кырдаал азыркыларга, мурдагыларга, кийинкилерге сабак болушу шарт. Адилеттиктин, адамдын каргышы жаман. УКМКнын кызматкерлери айылдагы туугандарыбызды текшерген учурлар болду. Мен трибунадан Атамбаевден өч алайын деп жаткан жокмун. 10 күн мурун абакка экс-депутат Өмүрбек Текебаевге бардым. Ал Атамбаев президент болуп турганда эң башкы оппозиция болчу. Ошол кишини чет өлкөлүк шылуундардын көрсөтмөсү менен 2 чарчы метр абакка камап койгону үчүн биз Атамбаевди эч качан кечирбешибиз керек. Жакында Түштүк Кореяга барып келдим. Ал жакта экс-президенттердин жарымы абакта отурат. Ар бир экс-президент камалган сайын мамлекет башчылар таза иштегенге аракет кылып калат", - деди Жанар Акаев.