"Ата Мекен" партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кан басымы көтөрүлгөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
"Кечээ Өмүрбек Чиркешович менен жолугуп чыктым. Анын айтымында, акыркы убактарда кан басымы көтөрүлгөнүн сезип жатканын айтты", - деди Токтакунова.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылганыбызда, Текебаевдин абалы туруктуу экенин, кан басымы кескин жогорулап кеткен учур болбогонун жана дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын айтышты.
14-сентябрда Текебаев ооруканадан абакка кайтарылган.
Экс-депутат дарыгерлердин көрсөтмөсү менен 1-августта №47-түзөтүү абагынын Улуттук кардиология борборуна которулган. 25-августта дарыгерлердин консилиуму Текебаев дарылануусун неврология бөлүмүндө улантсын деген чечим чыгарган жана 14-сентябрга чейин ошол бөлүмдө дарыланган.
Дарыгерлер Текебаевдин калкан сымал безинде шишик табылганын, анын канчалык зыяндуу же зыянсыз экени аныкталбаганын, бирок операция жолу менен алып салуу керектигин айтышкан. Текебаев өзү операцияга макулдугун бербей жаткан.
Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ар бири 8 жылга эркинен ажыратылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.