Бүгүн, 3-майда Жогорку Сотто абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы жагдайлар боюнча жана жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралды.
Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун үй-мүлкү конфискацияга алынбасын деген жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, ал эми калган өтүнүчтөрдү канааттандырган жок. Жогорку Соттун бүгүнкү өкүмүнө ылайык, Текебаев менен Чотоновдун иши райондук сотто кайрадан каралбайт.
Өмүрбек Текебаевге жактоочулук кылып жаткан "Адилет" укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова Жогорку Соттун чечими негизсиз экенин белгиледи. Ал бул көрүнүшкө эмне деп айтарын да билбей жатканын кошумчалап, ызаланган бойдон унаасына түшүп кетти.
Жактоочунун реакциясын көрүү үчүн төмөндөгү видеону басыңыз: