Дүкөндөн кыздар тарабынан уурдалган 75 миң сомдук сөйкө жана шакек ээсине кайтарылды

Бишкекте дүкөндөн кыздар тарабынан уурдалган 75 миң сомдук сөйкө жана шакек кайтарылып берилгенин дүкөндүн ээси 27-февралда SUPER.KG'ге кабарлады. Бирок зер буюмдарды кыздар өздөрү эмес, апасы алып келип берген.

"Бүгүн түштөн кийин уурдалган зер буюмдарымды кыздар өздөрү эмес, апасы алып келип берди жана кыздардын мындай аракети үчүн кечирим сурады", - деди дүкөндүн ээси.

Белгилей кетсек, 24-февраль күнү Бишкекте дүкөндөрдүн биринен эки кыз зер буюмдарды уурдап кетишкени тууралуу интернетке видео тарап, бул факты боюнча Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобу тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Дүкөндөн уурулук кылган кыздардын апасы зер буюмдарды ээсине кайтарып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Paprikafm
2018-02-27 18:33:08
Азыр бардык жерде камера болуп калган, жон эле журсонор, кыз башынар менен уялбайсынарбы
+3
rysik79
2018-02-28 08:31:42
Соттош керек буларды . Билинбеген уурулуктары канчадыр??
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан