"Кыска мөөнөттө келүүчү документ алат экен деп кызматкерлер 710 сом акча алган экен", - деди бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына Араван райондук жарандык абалдын актыларын каттоо кызматынын бөлүм башчысы Жыпар Жалалова.
"Биздин бөлүмгө 7-февралда В.Т. аттуу жаран кызынын фамилиясын өзгөртүү максатында туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алмаштыруу боюнча арыз жазган. Бул күнү мен ооруканада болгондуктан жумуш ордумда жок элем. Бөлүмдүн кызматкерлери аталган жаран кыска мөнөттүн ичинде келүүчү күбөлүккө тапшырып жаткан экен деп 710 сом өлчөмүндөгү акча алышкан экен. Ал эми алынган акчага берилчү квитанция атайын иш кагазына тиркелет", - дейт Жалалова.
Ошондой эле аталган жаран тапшырган документ 15-февралда келгенин жана В.Т. аттуу жаран 5 айлык баласы менен келип алып кете албастыгын билдирген соң такси менен салып жиберишкендигин, бирок ушул убакытка чейин такси айдаган адам күбөлүктү калтырып койгон жерден аталган жаран алып кете электигин кошумчалашты.
Ал эми В.Т. аттуу жаранга байланышканыбызда, ал күбөлүктү дагы эле колуна ала электигин айтты.
"Мен кайсы даректен алып кетишим керектигин тактап сурайын деп ЖААКтын кызматкерлерине чалсам телефонго жооп бербей жатышат", - дейт ал.
Эскерте кетсек, окурман "Кызымдын фамилиясын өзгөртүү максатында Араван райондук жарандык абалдын актыларын каттоо кызматына кайрылгам. Кызматкерлер айткан 120 сомду банкка төлөп келсем, дагы 750 сом сурап жатышат" деген билдирүүсүн "Элдик кабар" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу жөнөткөн. Ал билдирүүсүндө ЖААКтын кызматкерлери бул каражат кеңсе буюмдарын алууга жумшалат деп айтышканын белгилеген.