Кыргызгидромет: "Европа өлкөлөрүндө алдыңкы 4 күнгө болжолдонуп жаткан катуу суук Кыргыз өлкөсүндө болбойт"

Кыш мезгили аяктап баратканына карабай Европа өлкөлөрүн катуу суук каптайт. Чет элдик маалымат булактарынын синоптиктердин билдирүүсүнө таянып жазганы боюнча, алдыда 4 күн бою калың кардын жаашы, жолдордун тоңголок тайгак болушу күтүлүүдө. Мындан улам транспорттук жана авиакаттамдардын жүрүшүнө чектөө киргизилип, мобилдик байланыштар, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Чет элдик басылмалардын билдирүүсүндө бул суук Сибирден келди. Мындан улам өлкө бийлиги жергиликтүү тургундарга алдын ала эскертүүлөрдү берип жатат. Аптанын жарымында жааган кар 20 сантиметрге жетет.

Мындай суук азыркы күндөрдө Италияда катталып, сууктун күч алышына байланыштуу борбордук мектептердеги билим берүү, бала бакчалар убактылуу жабылган. Ал эми Туринде боло турган "Ювентус"-"Атланта" футболдук беттеши да кийинкиге калтырылган.

Ал эми Кыргызгидрометтин алдын ала берген маалыматы боюнча, 2-3-мартта Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарында жаан жаап, айрым тоолуу аймактарда кар жаайт. Туруксуз аба ырайы 5-марттан тарта өзгөрүп, күн жылыйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5 градус, күндүзү +12 градуска чейин көтөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Дарыгер
2018-02-27 21:23:36
Мына сага прогноз ;))))) вообще ха ха ха. Европа каякта жатат Кыргызстан каякта жатат. Билимибизди бар Адам жазтабы
-16
Nurmat92
2018-02-28 02:32:39
Дарыгер, ошону айтып койгонуна рахмат де айтпай койсо дагы чыкмаксын тымпыйып айтпай коюшту айтып койгонунда мен жылуурак кийинмекмин деп
+5
Samina007
2018-02-27 22:11:39
Биздин гидрометтер жакшы иштеп калганбы дейм тэцтин ызы чуусунан кийин.алыскы европадан сүйлөп калышыптыр.премьер министр сөз"тийгизип "койгон көрүнөт баракелде С Исаков.
-6
Kanzada97
2018-02-27 22:42:29
Кудай сактасын суук болбосун эми, кечээ эле оор суукту баштан откоздук.
+6
Mazi1280
2018-02-28 02:07:45
Чынындале мындай суук болгон эмес
0
Mazi1280
2018-02-28 02:09:22
Кар жаады биринчи жолу Италиянын туштук тарабына -2* болгон эмес 7 жылдан бери
0
Alinur96kg
2018-02-28 03:38:44
Mazi1280,Кайсы шаарына кар жаады?
0
Nurmat92
2018-02-28 02:33:14
Болдуго бизге и так эле хит болгон суукту откордук
0
Krai
2018-02-28 06:55:15
Биз Сибирде сууктан оло жададык Кыргызстандагы плюсовый температураны коргондо бизде качан кун жылыыр экен деп улутунуп алам азыр ушу маалда эшикте -27° а Кыргызстанда +12°
+2
Boroborodach
2018-02-28 07:40:56
Krai, туура айтасын. Бизге, сибирге жаз майда келет. Эх Кыргызстаным кандай сонунсун ээ!!! Аба ырайы ажайып олко.
+3
madina.87
2018-02-28 10:18:00
Boroborodach,Силер каяктасынар?
Бизде -37°с.мектепте активировка
.кирпикке муз тонуп жатат.
0
madina.87
2018-02-28 10:16:43
Krai,Каяктасынар?
0
raikakyz
2018-02-28 10:37:03
Екатеринбургда 3 кундон бери кар жаап жатат.Декабрь,Январда жаабаган кар эми жаап шаштыны кетирди.Абанын темпратурасы -13,-16 градус.
+1
Adhambek
2018-02-28 21:37:55
Москва -14 -24 болтат качан жаз келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан