Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тасмаларынын мазмунун көзөмөлгө алуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамын Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 10-январында кабыл алган.
Мыйзамда согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн мазмундагы тасмаларга тыюу салуу керектиги жазылган. Ошондой эле улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган, улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө порнографиялык мазмундагы эпизоддорго цензура киргизүү каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.