БШК үч айыл өкмөттүн башчыларын шайлоо боюнча токтом кабыл алды

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралдагы жыйынында облустардагы үч айыл өкмөттүн башчыларын шайлоо боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык, Чүй облусундагы Вознесеновка, Нарын облусундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 16-мартка дайындалды. Ошондой эле Чүй облусундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 13-мартка дайындалды.

Белгилей кетсек, Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөнаалы Эралиев айылдык кеңештин 10-январдагы токтомунун негизинде кызматтан бошотулса, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов өзү берген арызынын негизинде кызматтан кеткен. Ал эми 24-февралда Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп, бирок катталган талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан