ЭЛДИК ВИДЕО: "Түркмөнстанда ундун тартыштыгынан эл малга берчү жемди да талашып алып жатат"
Түркмөнстанда ундун баасы кымбаттап, калк мал жеген жемди жегенге аргасыз болуп жатат. Мындай маалыматты "Азаттыктын" Түркмөнстандагы кызматы Дашогуз облусунда февраль айынын орто ченинде тартылып алынган видеого таянып жазып чыкты. Ал видео "Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн. Видеодон жүк ташыган унаанын чиркегичинин үстүнөн жана анын айланасынан көптөгөн адамдардын кап көтөрүп, өз "шыбагаларын" алып калуу үчүн аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. Маалыматта айтылгандай, бул учурда элге улпак таратылып жаткан. Жылдын алгачкы айларында эле Түркмөнстанда ундун баасы 1,5 эсеге өскөн. Башка азык-түлүктөрдүн баасы да 70-100 пайызга кымбаттаганы айтылат.
Айрым маалымат каражаттары бул Түркмөнстанда өткөн жылы буудайдын түшүмү болжолдонгондон 1,5 эсеге аз түшкөнү менен байланыштуу деп жазышкан.
Түркмөнстанда ун жетишсиз болуп элдер малга деген жемди талашууда
Бийликтин көзүн май басканда ушундай акыбал болот Бердимухамедовдун куюшканы үзүлөт окшойт
+2
Makain
2018-02-28 13:07:26
Шугур кыргызстаныма
+4
boro
2018-02-28 13:36:12
Мына сага, жашоо жыргал Туркменистанда
+2
nurbekasr
2018-02-28 13:47:15
Түркмөнстанда газ,свет,суу бекер болсо сигерет тартып жиндиби.Бизде айдын акырында кагаз келгенде наша тартып жибергиң келет го чиркин дейт эле Абдылда аке.Эми карачы Түркмөнстанда малдын жемин талашып,тообоо кылалы Кыргызстаным эле жакшы.
+7
pero123
2018-02-28 13:58:09
түркмөнстан гиннес китебине кире турган аэропорт куруп мактанганча элине ун алып бербейби!
+11
Rasul94
2018-02-28 15:19:08
унчукпай эле койгулачы Аша казакстанга жаман суйлойм деп эмне болдук эле
-3
Nurkul
2018-03-01 02:33:23
Турменстанда коп нерсе Бекер дейт эле почти Дубай кылып корсотушотко бул неси
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.