Өлкөдө кургак учук оорусуна кабылгандарды дарылоого жылына бир жарым миллиард сом керектелет

Өлкөдө кургак учук оорусуна кабылгандарды дарылоого жылына бир жарым миллиард сом керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров билдирди. Анын айтымында, аталган каражаттын жарымы мамлекеттик бюджеттен берилет.

"Бул каражаттын жарымы мамлекеттик бюджеттен, жарымын чет элдик донорлор аркылуу таап жатабыз. Глобалдык фонд тарабынан 2018-2020-жылдарга 12 миллион 110 миң доллар каралган. Бул каражат кургак учуктун туруктуу формаларын дарылоо үчүн дары-дармектерди алууга сарпталат. Өлкөдөгү 131 лабораторияга жардам берилет. Ал эми өкмөт тарабынан бул жылга 822 миллион сом каралган", - деди Кадыров.

Ошондой эле өлкөдө кургак учук менен ооруган жарандарды дарылоо толук акысыз жүргүзүлө турганын кошумчалады. Учурда Жогорку Кеңеште калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
E.TARZAN
2018-02-28 17:57:39
Ушунча акча чындап эле которулуп атабы? Менин бир таанышым Россиядан кургак учук оорусуна чалдыгып келген экен. Ош шаарындагы туб.диспансерде 2-ай даарыланып чыкты. Ошол айтат: өзүнө таблетка эле бербесе, калган даары уколдун баарын сатып алып даарыландым дейт. Анан даарыгерге уколум тугөдү дагы жазып бересизби десе 500 сом сурайт экен. Ошентип даарыгерге ар бир кирип даары укол жаздырганга 500 сомдон төлөп даарыланыптыр. 822 млн сом кайда коротулуп жатат деген суроо туулат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан