Өлкөдө кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда

Өлкөдө кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров бүгүн, 28-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып жаткан учурда, бир канча депутаттар өлкөдө бул дартка кабылгандардын акыркы жылдардагы статистикасына кызыкты.

"Жыл сайын кургак учук менен ооругандардын саны азайып жатат. Анткени 2016-жылы кургак учук менен ооруган жарандардын саны 5 миң 680 адамды түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 5 миң 570 адам болду. Жылдап ооруга кабылып, арты өлүмгө алып келген учурлар да азаюуда", - деди Кадыров.

Ошондой эле ооруга кабылгандардын саны түрмөлөрдө да азайып жатканын кошумчалады.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bayjigit83
2018-02-28 12:58:40
Азайсын ылайым,эч ким оорубай врачтар жумушсуз калсын!)))
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан