Өлкөдө генетикалык анализдерди алуу үчүн лаборатория жок. Бул тууралуу "Алгачкы балдар хосписи" фондунун жетекчиси Динара Аляева бүгүн, 28-февралда Сейрек кездешүүчү оорулар менен күрөшүүнүн эл аралык күнү боюнча өткөн маалымат жыйында айтты. Эгерде лаборатория болгондо сейрек кездешүүчү оорулардын эмнеден улам болуп жатканын аныктоого шарт түзүлмөк.
"Лаборатория куруу өтө кымбат. Бирок биз ансыз эч нерсе кыла албай жатабыз. Сейрек кездешүүчү оору менен ооруган балдардын канын алып башка өлкөгө анализге жиберүү өтө кымбат баага туруп жатат. Бул ата-энелерге чоң түйшүк жаратууда. Лаборатория ачылса көп маселелер чечилип калмак", - деди Аляева.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-февраль - Сейрек кездешүүчү оорулар менен күрөшүүнүн эл аралык күнү. Максаты - сейрек кездешкен илдеттер менен ооруган адамдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана мындай оорулардын адамдардын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу маалымат берүү. Бул күндү белгилөө демилгеси сейрек ооруларды изилдөөчү EURORDIS европалык уюмуна таандык. Серепчилердин айтымында, дүйнөдө чанда кездешүүчү оорулардын түрү 5 миңден 7 миңге чейин жетет. Алардын катарына: Ниман-Пиктин оорусу, Гоше, Гентингтон, Альцгеймер, муковисцидоз, гемофилия, миелома, рактын ар кандай түрлөрү жана башкалар кирет.