Казакстанда кармалган депутаттын улуту кыргыз экенинин далилдери

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун атасы Асылбек Супатаев SUPER.KG порталына паспортун көрсөттү.

Анда Асылбек Супатаевдин улуту кыргыз экени жазылган.

"Баламды Казакстанда төрөлүп, жашаптыр деген маалыматтар чыгып жатат. Анын баары калп. Ал шаарды дагы билбейбиз. Төрөлгөн жери - Кыргыз мамлекети. Мен кыргызмын. Атасы кыргыз болсо, каяктан казак болмок эле? Алар эмнеге казак деп айтып жатышканын билбейбиз", - дейт Супатаев.

Ошондой эле Асылбек Супатаев уулу Дамирбек Асылбек уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн да көрсөттү. Анда да депутаттын атасы Асылбек Супатаевдин, апасы Съездгүл Супатаеванын улуту кыргыз деп көрсөтүлгөн. Асылбек Супатаевдин айтымында, аталган күбөлүк Дамирбек Асылбек уулу төрөлгөндө берилген. "Бул күбөлүктүн көчүрмөсүн балабыз төрөлгөндө алганбыз. Ал эми туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн өзүн уулубуз алып кеткен", - деди ал.

Мыйзамга ылайык, улут графасы атасы же апасынан алынат. Депутаттын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүндө жазылгандай, анын атасы да, апасы да кыргыз. Демек, анын кыргыз экенинде шек жок. Бирок бул жагдай ал документтерин жасалма жолдор менен өзгөртүп, улутун казак кылып алган эмес деген далил эмес.

Мындан тышкары Асылбек Супатаев баласынын Казакстанда кармалганын угуп, кан басымы жогорулап жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.

Алматыда кармалган депутаттын атасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Dembele84
2018-02-28 13:03:29
Сериал тугонойун дейби же. ....
+6
tatynam_88
2018-02-28 13:08:11
Ошондуктан паспорттогу улуту деген графаны кысчунарды кысып туруп жайына коюп койгула урматтуу бийлик.
+50
admin_superstan
2018-02-28 13:19:06
admiral, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
Samina007
2018-02-28 13:42:52
Анда жасалма паспорт экенда.ошол үчүн дагы мыйзамга жооп берет экен казактарга.бул иштин артынан көөп адамдар кетет жумуш ордуларынан
+3
karakulja
2018-02-28 13:43:37
Депутаттын атасындай корунбойт аксакал. Бала копкон го ата энесин карабай.
+4
33SUUN
2018-02-28 14:07:34
karakulja,аксакал жап-жакшына эле отуратко.Сенин оюн боюнча депутаттын аталары дагы уйундо костюм шымчан журушу керекпи?
+13
ma2as
2018-02-28 18:26:13
Каркулжа туура айтат , Кичинесинен кочо кыдырып кетип , тентип талаалап , ата энесинен деле кабар алган эмес менимче . 90 мин чекеси болсо керек , чон акчаны кармаган адамдын атасы хрущевкада турбаса керек .Ата - Энедеда кантсе да , боору ооруп ийлип атат , карабай кеткен баласына .
+1
A.Alymbek
2018-02-28 13:55:31
Негизи бул жерде депутаттын улутуна эмес , анын чын эле аткезчилик иш кылып жургонбу же жокпу ошону тыкыр изилдеш керек да. Мыйзамада улутуна карбай КРдын жараны депутат боло алат да. Колго тушкон депутатты кыргызбы , кыргыз эмеспи деп жатып ал депутаттын эмне себептен кармалганы унутта калып барткандай...
+12
Erkinbek1978
2018-02-28 17:24:39
Ар кайсыны айтып отурбай нашаа менен кармалдыбы соттогула да
+4
bayana1987
2018-02-28 17:48:00
Erkinbek1978, нашаа? кана факты? фото видео? жалаа жапканды абдан жакшы билет окшойсуз ээ
-7
tram-lam
2018-03-01 12:46:21
bayana1987,туура айтасыз, биягы бузук телефон болуп кетти. Кытайдан эмне товар откоруп жаткандыгы тууралуу маалымат жок, аткезчилик-контрабанда.
+1
bahabaike
2018-02-28 19:25:50
Улуту орус, озбек деле депутаттарыбыз бар кеп анын улутунда эмес кеп ал биздин ишенген депутатыбыз болуп туруп аткезчилик менен алектенгендиги жана ал Казак жарааны болуп чыкканында. Бул созду Казак ИИМи официалдуу айтып жатпайбы. Анан дагы улуту Кыргыз болмо эле кечирип жибериш керекпи?!. Соттолсун Кыргыз элин уят кылды
+2
rysik79
2018-02-28 23:45:53
Жегендин кусмайы бар.
0
madina.87
2018-02-28 23:58:39
Куйоом да айтты,кыргыз деп...
Жалалабатта УЭПте окуган экен.
+2
jbolotov
2018-03-01 00:07:48
Кыргызстанда баш аламан, Кыргыз экен десен жасалма кыргыз паспортту менен Кытайларда кармалып ызы чуу болду эле, Кыргызстанда баары эле сатылып калгандай.
+1
nargiz94
2018-03-01 00:09:39
Сонку кабардан откондо Салянова тушпой калды эле, эмиушул тема бутподу го. Чынын айтсам ачкан да, окуган да жокмун. "П"!!!
+3
FlNAL
2018-03-01 01:54:09
Улуту эмес, жарандыгы жонундо соз болуп жататко.
0
nurbekasr
2018-03-01 06:07:10
Мага демектен Чукча болсун,кылмыш кылдыбы жоопкерчилике тартылсын.Саяк журсо таяк жейт деп коёт кыргызда.Бул да гөпкөндүн иши,гөчүктү кысып эле ЖКда иштей берсе болот эле элди дурбөлөң кылбай.Бул да башка депутаттарга сабак болду.
+1
mbk
2018-03-01 11:03:40
"Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун атасы Асылбек Супатаев SUPER.KG порталына паспортун көрсөттү",- эмнени корсотту? Менимче бир соз жазылбай калганбы дейм урматтуу кабарчы.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан