Өлкө аймагы боюнча март айында өткөн жылдын март айына салыштырмалуу суук болот. Бул тууралуу 28-февралда SUPER.KG порталына Кыргызгидрометтен кабарланды.
Маалыматка ылайык, жаздын биринчи айынын биринчи жарымы жаан-чачынга бай болушу болжолдонууда.
"Марттын биринчи он күндүгүндө жаан-чачын көп болот. Ал эми түндүк региондо, айрыкча тоолуу аймактарда жааган жамгыр карга айланышы мүмкүн. Бишкек шаарында, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында жаан жаап, карга айланат. Ал эми Нарын облусунда кар жаайт. Үшүк жүрүшү мүмкүн.
2-3-март күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -5 градуска чейин төмөндөйт. Республика боюнча 4-марттан баштап түндүк региондо абанын температурасы +10...+15 градуска чейин, ал эми түштүк аймакта +15...+18 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
15-марттан баштап абанын температурасы жогорулайт. Өлкө боюнча март айында абанын температурасы нормага жакын болот жана кээ бир райондордо 1-2 градуска төмөн болушу күтүлүүдө", - деп билдирди Кыргызгидрометтин адиси.
Айта кетсек, 2017-жылы март айында аба ырайы нормадан жылуу катталган.