Акыйкатчы институту: "2017-жылы өлкөдө 97 өспүрүм өзүн өзү өлтүргөн: алардын 69у эркек балдар, 28и кыздар"

2017-жылы өлкөдө 97 өспүрүм өзүн өзү өлтүргөн: алардын 69у эркек балдар, 28и кыздар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Акыйкатчы институтунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова билдирди.

"Балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп, себептерин тактап, анализдеген учурда суицидге барган балдардын көпчүлүгүнүн ата-энеси чет өлкөлөрдө иштеп жүргөнү, кароосуз калганы аныкталган. Балдардын укугун коргоо боюнча маселени комплекстүү карап, балдар аралашкан бардык козголгон иштерди иликтеп, баяндамабызда ушундай тыянакка келгенбиз", - деди Турдумаматова.

Анын айтымында, ата-энелердин балдарга болгон жоопкерчилиги боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн көп жагдайлар аткарылбай калууда. "Бир эле мисал: өткөндө жаш баласын тепкен ата боюнча иште баланын апасы "менин доом жок" деп арызын алып койду. Тепкен ата жоопкерчиликтен кутулуп кетти. Биз прокуратурага кат жөнөтсөк, алар "жабырлануучу тарап арызын алса, анда иш туура эле" деп айтышты. Бул жерде баланын укугу корголбой калды.

Буга чейин деле ушуга окшоп жабылып калган маселелер көп экен. Жабырлануучу бала болгон соң баланын укугу тебеленип жатат да. Биз азыр ушул иштин үстүнөн кызуу иштеп жатабыз, жок дегенде айып пул салынышы керек. Балким, ал ата-эне балага болгон кордугун кайра улантышы мүмкүн да.

Ал эми мигрант ата-энелер балдарын туугандарына таштап кетет. Ооба, алар балдарынын келечегине кам көрүү үчүн кетет. Биз айтып жатабыз, мындай учурда мыйзамдуу түрдө "бул тууганым болот, баламды ушул адамга таштадым", - деп белгилүү бир адамды жоопкерчиликке бекитип кетиши керек. Бирок ушуга окшогон рычагдар колдонулбай жатат. Мыйзамда негизи булар көрсөтүлгөн, бирок ишке ашуусу башкача болуп жатат. Биз азыр ошол мыйзам талаптарын толук сактоо иштерин жакшыртуу маселесин көтөрүп жатабыз", - деди адис.

Эске салсак, 26-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев суицидге мигранттардын балдары көп бара турганын айткан. Ал ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, мектеп-интернаттарында мигранттардын балдары көп окуй тургандыгын, аларды туугандарына таштап кетсе, зордук-зомбулукка кабыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан