Жыл башынан бери эл ташыган маршруттук таксилердин катышуусунда 6 жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду. Мындан тышкары 18 адам жаракат алганын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев маалымат жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, 2017-жылы эл ташыган маршруттук таксилердин катышуусунда 305 жол кырсыгы катталган. Анын 147си жүргүнчүлөрдүн айынан болсо, 158ине айдоочулар өздөрү күнөөлүү болгон.
2016-жылда маршруттук таксилердин катышуусунда 305 жол кырсыгы катталып, 17 киши көз жумган. Мында 164ү жүргүнчүлөрдүн айынан болсо, 141инде алардын тиешеси болгон эмес.