Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп жолду жаап калды

Бүгүн, 28-февралда саат 13:30дар чамасында Бишкек-Ош жолунун 260-чакырымында (Токтогул районундагы Элик тилкеси) кар көчкү түшүп жолду жаап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолду кардан тазалоо үчүн 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 КамАЗ тартылды. "Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.

Ошондой эле саат 13:30дар чамасында Чаткал районундагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун Ак-Таш тилкесинде 200 метр куб кар көчкү, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Кызыл-Бел тилкесинде көлөмү 200 метр куб кар көчкү түшкөн. Мындан улам жолдор убактылуу жабылган. Жолдорду кардан тазалоо үчүн керектүү техника тартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан