Дагы бир чет өлкөлүк компания "Мегакомду" сатып алуу ниетин билдирди

“Альфа Телеком" (Мегаком) компаниясын сатып алуу боюнча “Goldenkey Asset Investment & Management" деген түштүк кореялык компаниядан сунуш келип түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады.

Маалыматка караганда, бул чет өлкөлүк компания "Мегакомдун" 100 пайыз акциясын сатып ала турганын билдирген. Сатып алууга болгон сунушту мыйзамдуу түрдө кароо үчүн “Мегакомго” жөнөтүлдү.

Айта кетсек, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан, өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.

Буга чейин "Мегакомду" сатып алуу боюнча швейцариялык "ALF Consulting SA" жана кытайлык "Huawei Technologies" менен кошо Кыргыз өлкөсүндөгү “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга макулдук бергени белгилүү болгон "АКА минералз энд майнинг" ишканасынан да сунуштар түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kai42444
2018-02-28 17:24:50
Мен алам аны эмне нак алыш керекпи ошол копанияны озубуз иштеткенге кандай карасынар башка мамлекетке сатпастан эгер мага берсе 10 жыл ичинде толоп береп жан капаниядан тушкон пайданы 50 пайызына айылдарга мектеп бала бакча копуро ж.б.у.с. имараттарды салып берем ушуларды кылбай турган болсом эл башымды узуп салсын...
+1
Ermekbai
2018-02-28 17:32:10
kai42444,азаматсың. Ушу сага окшогон адамга эле берип койсо болот.
0
adjo_krsu
2018-02-28 19:43:08
Аны сатпасанар күнүнөр бүтчүдөй болдуңар го жогору жактагылар... Ийри отуруп түз кеңешип, өзүбүздө алып калуунун жолун тапкыла.
+1
s.k.bakyt
2018-03-01 05:18:17
Банкрот болуп кагансып, пайда алып келип туруучу компанияны сатпай мамлектте болсун дебей, булар баарын сатыш керек деп турушат. СССР кулагандан бери эле сатып түгөтүштү. 5-6 адамдын кызыгчылыгы үчүн эл кыйналды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан