Дарыялардан шагыл казуу менен алектенген 23 компаниянын лицензиясы убактылуу токтотулду

Дарыялардан шагыл казуу менен алектенген 23 компаниянын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 28-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалым болгондой, мындай аракет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өтүнүчү менен жана компаниялардын ыктыяры менен ишке ашты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дарыялардан шагыл казгандар айлана-чөйрөгө, өлкө экономикасына жана дарыялардын нугуна зыян келтирип жаткандыктан шагыл казуу иштерин токтотуу маселесин көтөргөн.

Белгилей кетсек, премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын 28-декабрында мамлекеттик органдарга дарыялардагы шагылдарды колдонууга тыюу салуу боюнча тапшырма берген.

 



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан