SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Алгачкы жуучуларды эстейбиз" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Бой жеткен кыздан жуучу үзүлбөсө керек. Алгачкыларынан же кызыктуусунан жаза кетсеңиздер. Кимде кандай болду, сезимдер менен бөлүшүңүздөр", - деген суроосун калтырган.
Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:
"Мен окууну бүтүп, 1-2 жыл иштегенге чейин жуучулар келбесе, ала качпаса экен деп тилечүмүн. Себеби эжеме жуучу келгенде ал "чыкпайм" деп ыйлаганын көрүп алып коркком. Тилегендей эле жуучу келген эмес, бирок сурагандар болгон. Биринчи жуучум - жолдошум".
"Жаркылдаган, сулуучумак келген жеңебиз бар болчу. Айылдаш болсок да мени тергеп, жаны калчу эмес. Маани бербептирмин, көрсө жеңекенин ниети башка экен. Мектепти бүткөнүмө араң бир жума болгондо мени үйүнө билгизбей, алдап алып барып иниси менен жолуктурган. Мен үчүн күтүлбөгөн жолугушуу болгондуктан инисин карап күлүп жибергем, алар үчүн өтө жагымсыз болгон болушу керек. Анткени иниси аппак костюм шым, аппак байпак кийип, чачын жалтыратып бир жакка кайрып, "мачо" болуп алган экен. Бирок мен окуйм деп так эле жообун бергем".
"Мектепте акыркы күнүбүз болчу. Үйгө келсем жакын тууганыбыз отуруптур. Дарбазаны ачып шыпылдап кирип келип учурашып коём дагы. Ар бир кыймылымды жылмайып карап отурду. Ал чоң энебиздин мени сурап келгенин кайдан билейин?! Жеңем "сизди сурап келиптир" десе уялып калдым. Апам менен атамдан качып 2 саат үйгө кирбей эшикте жүргөм. Башкача болот экенсиң. Туугандан алыс жүрөлү деп чечтик. Бүгүн баласы үйлөнүп жатыптыр. Бактылуу болсун!"
"Университетте окуп борбордо жүрсөм, элдер мени көрбөй эле апамды көрүп жуучу түшүп, сөз айттырып жүрүшүптүр. Анан апам "кызымды көрдүңөр беле деги? Бою өтө узун" деп тамашалап койчу экен. Апам "миниатюрная", а менин боюм узун да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.