Өлкөдө 9-март да эс алуу күнү деп белгилениши мүмкүн

Кыргыз өлкөсүндө 9-март дем алыш күн катары белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы аптанын бейшемби күнүнө туура келгендиктен, 9-март да дем алыш күн деп жарыяланышы мүмкүн. Ал эми 9-март иш күнү болгондуктан анын ордуна 3-мартты иш күнү деп белгилөө мерчемделүүдө.

Иш күндөрүнүн жылдырылышы өлкөдөгү 5 күн иштеген кызматкерлердин 8-марттан 11-мартка чейин 4 күн катары менен эс алуусуна шарт түзөт.

Азырынча бул долбоор өкмөттүк аппаратка жиберилген, бирок кол коюла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Totyua.71.
2018-02-28 18:01:26
эс алган майрам кундорго ,кайра толуктап окутуп мугалимдер эле кыйналды,майрам кундордогу эс алуунун кереги жок эле...анткени айлык маяна фактически отулгон саатка Гана толонгондуктон кошумча саат менен окутканга туура келет...Антпесе эс алган кундорун айлыгы кыркылат...
+3
sarbo
2018-02-28 18:08:23
кайсы куну майрам болсо ошондо дем алып калган кундору иштеп окуй берген эле жакшы банк мн иш кылгандарга кыйынчылык жаратылууда
+5
FCBMESSI
2018-02-28 20:20:23
8-марттын эртеси кенири уктоого шарт болот экен.Жакшы эле идея
0
nurbekasr
2018-02-28 21:12:57
Жакшы болду 9-март кеңири уктайт экенбиз баш ооруганды жазып эртеси пиво менен.Биротоло тоголок кылып 10-мартты да дам алыш кылса жакшы болот эле.
0
mamatkerim
2018-03-01 13:11:31
nurbekasr, 10-11-март и так эле дем алыш болуп жатпайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан