КҮНСЕРЕП: Мигрант ата-энелерди коркуткан суицид. Балдарды кантип сактайбыз?

Бүгүн, 28-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз экени бүгүн SUPER.KG порталында документтердин негизинде жарыяланды. Эл өкүлүнүн Каракол шаарында жашаган ата-энеси уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн көрсөтүшкөн. Күбөлүктө депутаттын аты-жөнү Динарбек Супатаев деп, туулган жылы 1981 эмес, 1979-жыл деп көрсөтүлгөн. Атасынын да, апасынын да улуту кыргыз деп көрсөтүлгөн. Албетте, бул маалымат ал документтерин жасалма жолдор менен өзгөртүп, улутун казак кылып алган жок дегендин далили эмес. Туулган жылын өзгөртүүсүнүн мыйзамдуулугу деле чоң суроо бойдон турат. Эске салсак, буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны деп, ал эми коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кармалган депутаттын улуту да казак, Казакстанда төрөлгөн деп маалымат тараткан болчу.

Эл өкүлүнө байланыштуу маселе парламентте да көтөрүлдү. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев парламентке тышкы иштер министрин, БШКнын төрайымын жана УКМКнын башчысын чакырып, Казакстанда кармалган депутат жана анын кош жарандуулугу боюнча маселени кароону сунуштады. “Суроо көп, бирок бизде маалымат жок болуп жатат. Мунун баары кийин жалаа болуп чыкпайбы? Башка жогорку саясий кызматтагы адамдардын жарандыгын да текшертебизби? Эл мындай боло берсе эртең башка өлкөнүн жаранын президент кылып шайлап албайбызбы деп чуу түшүп жатат”, - деди Бокоев. Спикер Дастанбек Жумабеков маселе тийиштүү комитетте жана өкмөттө каралып жатканын, жыйынтыгы белгилүү болгондо парламентте караларын айтты. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Акылбек Жамангуловдун айтымында, экстрадициялоо маселеси ачык бойдон турат. Комитет кылмыш иши козголгондон кийин башка өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишине кийлигишүү эл аралык нормаларга жатпайт деген негизде учурда маалымат топтоо менен чектелүүдө. "Бул боюнча элчилик жана консулдук кызматтар иш алып барышы керек деген чечимге келдик" дейт Жамангулов.

Атайын кызматтар тарабынан кармалганга чейин элдин калың катмарына аты таанымал эмес Дамирбек Асылбек уулу учурда коомдун талкуусунан түшпөй, анын ата-тегинен тартып өмүр баянындагы өзгөртүүлөрү, ишмердүүлүгү, контрабандалык иштерге тиешеси бар же жоктугуна чейин түрдүү маалыматтар чыкты. Адатта резонанс жараткан окуялар элдин көңүлүн башка олуттуу иштен алаксытуу максатында жасалып же андан да чоң резонанстуу окуяга жетелеп барат. Коомчулукту кайсы олуттуу иштен алаксытуу жүрүп жатат? Балким, депутат артынан бир топ үлкөн чиновник, ишмерлерди ээрчитип кетет?..

2017-жылы өлкөдө 97 өспүрүм өз жанын кыйган. Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин айтымында, суицидге баргандардын көбү мигранттардын балдары. Мигрант ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керек дейт акыйкатчы. Кыргыз жарандары жыргаганынан балдарын таштап чет жерге иштөөгө кетип жатпаганы белгилүү. Алардын жоопкерчилиги кантип күчөтүлөт?

Акыркы окуяларды эле ала турган болсок... Өткөн жылдын 28-ноябрында Ош облусунун Ноокат районунда 14 жаштагы бала асынып алган. Окуяны иликтөө маалында анын атасы Орусияга кетип, башка аялга үйлөнүп алганы белгилүү болгон. 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районунда 9-класста окуган кыз өз жанын кыйган. Маркум кыздын ата-энеси Казакстанда турушуп, ал таенеси менен жашачу. Быйылкы жылдын 23-январында Ош облусунун Кара-Суу районунда 8-класстын окуучусу асынып алган. Ал таежесинин колунда болуп, ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөн.

Акыйкатчы институтунун өкүлү Махабат Турдумаматованын айтымында, ата-эне башка өлкөгө иштеп келүүгө кетип жатканда балдарынын кароосуна жооптуу адамды мыйзамдуу түрдө бекитип бериши керек болот. Ата-энеси келгиче балага болгон жоопкерчилик расмий түрдө жооптуу болгон адамдан талап кылынып калат. Бирок анын кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө кандай болору белгисиз. Дегеле андай механизмдин иштеп кетүүсү да, мигранттардын балдарынын суицидин азайтуусу да күмөн.

Өспүрүмдөрдүн өз жанына кол салуусу боюнча чет өлкөлөрдө алдын алуунун жана болтурбоо максатында психолог, психотерапевттер менен иштешүү сунушталат. Ал эми мындай кызматкерлер Бишкек жана Ош шаарларындагы айрым мектептерде гана бар. Чет өлкөгө иштөөгө кеткен жарандар басымдуу болгон аймактардагы мектептерде психологдор жок. Буга чейин мектептеги психологдор штатын көбөйтүү керектиги суралган. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бюджеттин тартыштыгынан улам жакын арада мүмкүн эмес деген жооп болгон. Экономика министри Артём Новиковдун кыргызча үйрөнүүсү үчүн репетитор жалдоо жана башка ушул сыяктуу ондогон-жүздөгөн “муктаждыктарга” табылган бюджеттин каражаты келечек муундун өмүрү, саламаттыгы үчүн табылбаганы кейиштүү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан