Ажылыкка баруу үчүн катталгандардын саны 7 миңге жакындады. Алардын 1,5 миңи ажылыкка барбай калат

2018-жылдагы ажылыкка барууну каалагандарды серверге каттоо иши 28-февралда токтотулуп, катталгандардын саны 6 миң 895 адамга жетти. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, быйылкы жылдагы ажылыкка берилген квотадан 1580 адамга ашты. Эми алар 2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн аймактык кезекке турушмакчы.

Кыргыз мамлекетинен ажылык сапарга бара турган жарандарды быйыл дагы "Flaynas" авиакомпаниясы ташыйт. Ал эми билеттин баасы ар бир кишиге 1550 доллардан деп чечилген.

Ажылыкка барууну каалап, каттоого тургандардын көпчүлүгү Ош облусунан болсо, эң эле азы Нарын облусунан болгон.

Облустар боюнча катталган талапкерлердин саны:

Баткен облусу - 628,

Ош облусу - 2548,

Ош шаары - 782,

Жалал-Абад облусу - 1313,

Чүй облусу - 965,

Бишкек шаары - 447,

Талас облусу - 94,

Нарын облусу - 45,

Ысык-Көл облусу - 73 адам катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан