Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмүнүн Лейлек районундагы бөлүмүнүн башчысы жана Бакай-Ата районундагы бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.
Мекеменин маалымат кызматынан 1-мартта кабарлашкандай, аталган эки райондогу бөлүм башчылар ротация өткөрүүгө (орун алмаштырууларга) каршы болушкандыктан ушундай чечим кабыл алынды.
Ротация өткөрүү иштери коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин бардык бөлүмүндө өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, февраль айында эле Мамлекеттик каттоо кызматынын бир катар кызматкерлери 2017-жылы коррупциялык иштерге жана калкка кызмат көрсөтүүдө одоно мыйзам бузууларга жол беришкендиги үчүн жазага тартылышкан.